Эркин күрөш боюнча чемпионат жыйынтыкталды

18-02-2017

Кечээ, 17-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 61 кг, 70 кг, 86 кг, 125 кг чейинки салмактагы категорияда орун алды. Чемпионатка Кыргызстандын баардык облус, шаарларынан жана аймактарынан 250дөн ашуун спортчу катышты.

Чемпионаттын башкы максаты эркин күрөш спорт түрүн жайылтуу жана спортчулардын чеберчилигин өстүрүү. Мелдештерди өткөрүүгө Олимпиада спорт түрүн өткөрүү боюнча дирекция тарабынан 113 миң сом бөлүнгөн.

Чемпионаттын жыйынтыгында төмөнкү спортчулар байгелүү орундарга ээ болду:
61 кг чейин
1 -орун – Улукбек Жолдошбеков
2 -орун – Эрназар Акматалиев
3 -орун –Нурсултан Калыбай уулу
3 -орун – Эдил Кадырбек уулу
70 кг чейин
1-орун – Музафар Юнусов
2 -орун – Умөтаалы Шарыпбек уулу
3 -орун – Бекжан Жамбулов
3 -орун – Бекжан Токтобаев
86 кг чейин
1 -орун – Саякбай Усупов
2 -орун – Бактияр Карагул уулу
3 -орун – Динисламбек Таалайбек уулу
3 -орун – Калыс Шурамидинов
125 кг чейин
1 -орун – Айбек Усупов
2 -орун – Музафар Жаппуев
3 -орун – Бактыбек уулу Рүстөм
3 -орун – Жакшылык Омуракунов

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!