Айсулуу Тыныбекова күмүш утуп алды

21-02-2017

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Швецияда өткөн кыз-келиндер арасындагы “Klippan Lady Open 2017” эл аралык мелдешинде 2-орунду ээлеп, күмүш тагынды. Бул тууралуу КРнын күрөш федерациясынан маалымдашты.

Тыныбекова 58 кг салмактагы категорияда биринчи айлампада жапониялык каршылашы Аки Ханаини 4:3 эсебинде утуп алган. Ал эми финалдык беттешүүдө орусиялык спортчу Валерия Коблова менен күрөшкөн. Алган жаракатынан улам мелдештен баш тарткан Айсулуу Тыныбекова экинчи орунга ээ болду.

Жыйынтык:
1/8 финал
Акие Ханаи (Япония) – Айсулуу Тыныбекова – 3:4
1/4 финал
Айсулуу Тыныбекова – Элин Нильссон (Швеция) – 8:1
1/2 финал
Юзуру Кумано (Япония) – Айсулуу Тыныбекова – 6:9
Финал
Валерия Коблова (Россия) – Айсулуу Тыныбекова – Коблова жеңип алган.

Кубаныч Жусупбеков

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!