​FIFA: футбол курама командасы 125-орунду ээледи

9-Март 2017, Бейшемби

Кыргызстандын улуттук футбол курама командасы дүйнөлүк FIFA рейтингинде 125-орунду ээледи. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта рейтингдин жаңыланган версиясында маалым болду. Өткөн айдын 9-февралында 124-орунду ээлеген эле.

Кыргызстандын курама командасы 265 упай менен 125-орунду турат. Ал эми Азия футболдук конфедерациясында кыргызстандык команда 16чы орунду ээлеген.

Былтыр футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы апрелдеги FIFA рейтингинде 99-орунга чейин көтөрүлүп рекорд жаңылаган. Бирок андан көп узабай эле команданын рейтинги төмөндөп келе жатат.

FIFAнын кийинки рейтингги ушул жылдын 6-апрелде жарыяланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!