Жазында бетиңизге өзгөчө кам көрүүнү унутпаңыз!

Жазында бетиңизге өзгөчө кам көрүүнү унутпаңыз!
03-03-2017

Жаз келгени айрымдардын беттери кургап, түлөп, кызыл бүртүкчөлөр чыгып, сепкил түшөт. Кээ бирөөлөрдүн мурдунун үстүндө кара тактар пайда болуп, ачуу күндүн нуру бетти тез күйгүзүп ыңгайсыздык жаратат. Андыктан андан арылуунун жолдорун билип алыңыз.

Сепкил түшсө

Сепкил менен күрөшүүдө кулпунай мөмөсүнөн жасалган маска пайдалуу. Аны даярдоо үчүн кулпунайдын бышкан мөмөсүн эзип маска кылып даярдап алуу керек. Таза бетке 20-30 мүнөттөй коюп, аны жылуу суу менен жууп коюу зарыл.

Тактар үчүн

Петрушканын 100 грамм уругун 0,5 литр аракка салып, 2 аптага караңгы жерге тыныктырып алуу кажет. Анан даяр тундурманы беттеги тактарга сүйкөө керек. Жаңы петрушканын өзүн да жеп, тамырын чайноо да пайдалуу.

Кургак териге

Кургак бетке калыптандыруучу маскаларды койсо, жардам берет. 3 чоң кашык алма уксусун алып, бир аз жылытып, ага 3 чай кашык суюк бал жана 2 чоң кашык кайнак суу куюлуп даярдалган сулуу боткосун кошот. Бул даяр болгон аралашманы таза бетке 30 мүнөт коюп, андан соң аны кебездин жардамы менен алып, жылуу суу менен чайкап коюу керек.

Витаминдер жана азыктандыруучу заттар терини чоюлчаак кылып, кургак кылбай, жагымдуу абалга келтирет. Эгер тери абдан кургак болсо бул ыкманы жумасына эки жолу жасоого болот. Ошондой эле бул маскага 2 кашык сүт кошуп койсо мурункудан да азыктандыруучу касиети жогорулайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!