Жар тандоодо көңүл бөлчү беш нерсе

Жар тандоодо көңүл бөлчү беш нерсе
28-Ноя. 2017, Шейшемби, 15:30

Кыздар жар тандоодо көңүл бөлүш керек болгон 5 нерсе:

1. Анын максаты барбы же жокпу? Же болбосо эч кыялы жок, максаты жок адам сизди бактылуу кыла алабы?

2. Анын ушул күнгө чейин кандай жетишкендиктери бар? Жок болсо, анын болочок кур максатынан пайда аз. Сүйлөп-сүйлөп кала берет. Күчү ашып-ташып жаткан жигит чакта уктап жүргөн, 40ка келгенде да ойгонбойт. Чын өмүр 30 жаштан ашканда башталат. Ошол кезде өкүнүп калбаңыз.

3. Жигит айткан сөзүнө турабы? Сөздүн баркын билбеген жигит, өзүнүн да куну жок. Сөзүнө турбаган жигитти, достору да адам катары көрүшпөйт.

4. Жигитке ишенүүгө болобу? Өмүр бою бир гана жарыңыз жана досуңуз болот. Эгер ага да ишене албасаңыз, сизден ашкан жалгыз адам барбы?

5. Жигиттин жумушу барбы же жокпу? Билип коюңуз, бул дүйнөдө мүмкүндүгү болуп туруп, эки колго күрөк алууга жарабаган адамдан бактысыз киши жок. Эмгек-бакыттын көзү. Бакытка умтулбаган жар, сизди бактылуу кылып жарытпайт...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!