Аял бакыты

Аял бакыты
18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:46

Аялзатынын мүнөзү өтө назик келет эмеспи. Бирок, аялдык бакытты сиз сезип жүрөсүзбү? Ооба бул суроону укканда ар бир аял кишинин оюна жолдошу же эркек адамдардын ага кылган мамилеси эске келет. Ага деген көз карашыңыз, оюңуз, таарынычыңыз бар чыгаар. Чыныгы аял бакытын сезген жандар аз болсо керек. Жолдошуңуздан колдоо, жаныңызды жылыткан сөз угуп, көңүл бөлүүсүн күтөт чыгаарсыз.

Ошондуктан төмөндөгү кеңештерге көңүл бөлүңүз:

Аялдык бакытты сезгиңиз келсе, алгач өзүңүздөн баштаңыз, өзүңүзгө көңүл бөлүңүз.

Эркек кишинин кайдыгерлик мүнөзү табиятынан. Сизге белек бербесе көңүл бөлбөңүз. Суранып, “белек бер” деп айтпаңыз.

Эркек адамга биринчиден болуп өз сезимиңизди билдирбөөгө тырышыңыз. Аягы жалган махабатка алып баруусу мүмкүн.

Кездешип жүргөн жигитиңиз болсо, сизге кабарлашып, сиз жөнүндө кызыкпаса, сиз да аны издебеңиз. “Сүйгөн жигит сиз дегенде издеп келет”,-деген сөздү билет чыгаарсыз.

Жигитиңиз сизге көңүл бөлбөсө сиз андан көңүлүңүздү үзүңүз. Эгерде үйлөнбөй, жөн гана сүйлөшүп жүргөн болсоңуздар.

Бала пайда болгон учурдан баштап сиз да, жолдошуңуз да өзгөрө баштайсыздар. Эмнеге? Анткени ортодогу бакытыңыз бул экөөңөрдүн балаңар эмеспи.

Өзүңүзгө ар дайым жакшы сөздөрдү айтыңыз, жакшы музыка угуңуз.

Аялзатынын көзү ар дайым жалтыраган нерсеге түшөт, каттуу кызыпгып кетпеңиз.

Өнөрүңүз болсо жаап-жашырып албай сыртка чыгарыңыз.

Эгер аял-күйөөсү баштары кошулганча бири-биринин кулк-мүнөзүн, адаттары менен мүнөздөрүн билип албаса, нике бактылуу болору күмөн.

Үйлөнө элек болсоңуз ушул сөзгө кулак түрүңүз.

Чыныгы аялдык бакыт сүйгөн жары менен баш кошуп, үй-бүлө куруп, бул жарык дүйнөгө бала алып келүү эмеспи.

Аял киши сүйгөн жарына кошулса да, бактылуу боло албай калуусу да мүмкүн. Болгону бакыттын ачкычы өз колубузда.

Бакыттын да өз жол чырагы болот, кээде токтойбуз, кээде аягына чейин күтөбүз, кээде ошол бакыт менен бирге жолго чыгабыз.

Аялдык бакытка жетелген улуу күч- махабат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!