Кыргызстанда 104 коомдук үрөөн фонду түзүлдү

Кыргызстанда 104 коомдук үрөөн фонду түзүлдү
4-Апр. 2018, Шаршемби, 10:39

Жаздык арпа үрөөнү менен камсыз кылуу максатында республиканын беш облусунда 2017-жылы Жайыт пайдалануучу бирикмелердин алдында 104 коомдук үрөөн фонду түзүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министринин басма сөз кызматы маалымдады.

Аталган фонддор муктаж болгон фермерлерге үрөөн алып келип турат. Коомдук үрөөн фонддор “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көл облусунда - 31, Нарында – 32, Баткен облусунда – 7, Ошто – 16, Жалал-Абадда 18 түзүлдү.


Ар бир фермер фонддон алган үрөөндү түшүмдөн эки эсе кайтарып берет. Мындай принцип фонддун чыгымдарын жабууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, бенефициарлардын санын көбөйтүп, көлөмүн кеңейтет.

“Ватан” сорту 2017-жылдын түшүмүнүн биринчи өндүрүмү Жалал-Абад облусуна бардыгы 72 тонна түшүрүлөт. “Вакула” сорту 2017-жылдын түшүмүнүн биринчи өндүрүмү Ош облусуна 64 тонна, Баткен облусуна 28 тонна жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна 32 тонна жеткирилет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!