Көчөт тандап, кыйыштырууну билесизби?

Көчөт тандап, кыйыштырууну билесизби?
5-Апр. 2018, Бейшемби, 16:43

Жаз келип айлана жашылдана башталганда эле бак-дарактардарды отургузуп, мөмө-жемиштерди тигип, жаздын камы көрүлө баштайт эмеспи. Бирок көчөт тандап туура отургузууну, кыйыштырууну баары эле биле бербесе керек. Бул тармакта өзүнүн ишин мыкты билген багбан Араббой Хамдамов ZAMAN.kg сайтына кыйыштыруу жана көчөт отургузуунун сырларын айтып берди.

Эгер сиз көчөт отургузуп же кыйыштырууну пландап жатсаңыз, анда бул макала сиз үчүн.

Кыйыштыруу деген эмне?

Кыйыштыруу деген жапайы уруктардан өндүрүлгөн көчөттү эки-үч калемчелери аркылуу улоо. Кыйыштыруунун түрү абдан көп. Көбүнчө кабык астына кыйыштыруу (копулировка) же ортосун жарып кыйыштыруу (расщепь) көп колдонулат. Кыйыштырууда алгач бутакты кесип даярдаган соң улануучу калемчени кыйгач кесип алып, узунунан жара тилип калемченин жалгануусу үчүн бекем байлайбыз. Уланган калемчелерди полиэтилен клеёнкасы менен аба кирбегендей кылып ороп коюш керек. Нымдуулук сакталып бат өрчүгөнгө өбөлгө түзүлөт. Бардык эле мөмөлүү дарактарды кыйыштыра берсе болбойт. Ал эми алма-бактар бири-бирине кыйыштыра берет. Мында түшүмү, көлөмү жакшыра түшөт. Кыйыштырылган бактын мөмө берүүсү сортуна жараша болот. Негизинен эки-үч жылдан кийин эле мөмө бере баштайт.

Кыйыштыруу эрте жазда, жазды ортосунда, күздө жана кышта жүргүзүлөт.






Көчөттү сатып алардан мурун эмнелерине көңүл буруу керек?

Көчөттү тандап атканда тамырына көңүл буруу керек. Отургузула турган бактын тамыры жоон жана жакшы казылып алынганын сатып алуу керек. Эгер тамыры жоон болсо бак бийик өсөт. Ошондой эле кыйыштырган жери болуусу шарт. Бак отургузуп жатканда астына чириген кык таштоо керек. Анткени тамырды кургап кетүүсүнөн сактайт.

Кык – бул жер семирткичтердин катарына кирет. Көбүнчө канаттуулардын кыгы таасирдүүлүгү боюнча биринчи орунда турат. Жылкы, кой жана уй жаныбарынын кыгы кийинки орунду ээлейт. Көпкө чейин жаткан же чириген кыкты пайдалануу натыйжалуу болуп эсептелинет. Чириген кык кара күрөң түстө болот.

Бак-дарактарга кам көрүү:

Отургузулган жаш көчөттөрдүн айланасын отоо чөптөрдөн арылтып, каныктыра сугарып туруу керек. Убагында түбүн жумшартып, жер семирткичтерди колдонуп, ар кандай зыянкечтерден коргоо үчүн актап, ашыкча бутактарын кыркып туруу кажет. Антени жаш көчөт өзгөчө мамилени талап кылат.

Өсүмдүктөрдүн бардыгы эле зыянкечтерге кабылып, ар кандай ооруга чалдыгат. Жер семирткичтер да жер кыртышында сакталып калбайт. Натыйжада сөңгөктүн өсүүсү токтоп, жалбырактары саргайып, кургакчылыкка туруштук бере албай калат. Көчөттөрдү отургузуудан мурда алар өсүп чоңойгондон кийин бири-бирине көлөкө түшүрүп, күндүн нуру талаптагыдай тийбегендиктен өсүү темпи начарлап, мөмө бербей калышы мүмкүн. Ошондуктан жыш отургузуунун кажети жок.


Бак-дарактарды бутоо схемасы:

1-Баш жагында өскөн ашыкча бутактарды кесүү

2- Жандап өскөн бутактарды кыркуу

3-Жыш өскөн бутактарды кесүү

4-Бир жылдык бутактарды кесүү

5- Бактын төмөн жагында өскөн бутактарды кесүү

6-Жанаша өскөн жапайы бутактарды кесүү.





Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
«705» тайпанын  «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
«705» тайпанын «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Гульназ Дуйшембиева  Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Гульназ Дуйшембиева Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти"
Чачка арналган банан маскасы
Чачка арналган банан маскасы