Рак оорусунун алдын ала турган дары табылды

7-Авг. 2018, Шейшемби, 15:45

Австралиянын окумуштуулары рак клеткасынын пайда болуусун токтотуучу каражат ойлоп табышты. Алар Nature журналына жарыя кылган макалада: заттын рак клеткасын өөрчүшүндө маанилүү роль ойногон KAT6A жана KAT6B белокторуна каршы таасир кыла тургандыгын кошумчалады. Ойлоп табылган зат менен рак менен ооруган чычкандар ортосунда лабараториялык тест жүргүзүштү. Жыйынтыгында зат менен белоктор таасирсиз калып, чычкандардын өмүрү төрт эсе жогорулаган.

Адистердин айтымында: Учурдагы химиятерапия ж.б дарылоо жолу ден-соолукка зыян экендигин билдиришти. Чачтар түшүп, иммунитет төмөндөйт деп айтып калабыз. Бирок жаңы ойлоп табылган зат пайда болгон рак клеткаларынын башка клеткаларга кирбешине тоскоол боло алат. Рак клеткалары толук өлбөсө да, башка клеткалар менен бирикпестен оорунун алдын алмакчы.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!