Витаминдер жетишпей жатканын билсе болобу?

13-Апр. 2017, Бейшемби

Жөнөкөй тесттердин жардамы менен кайсы витамин организмиңизге жетишпей жатканын аныктаса болот:

  • Эгер сизди ооздон чыккан жагымсыз жыттар тынчсыздандырып жатса В3 витамининин жетишсиздигинен кабар берет.
  • Акырын гана согулуп калган денеңизге көк ала пайда болуп көпкө чейин кетпей жатса С витаминин толук кандуу алалбай жатасыз.
  • Өнөкөт ич катуулардын бирден-бир себеби - В тобундагы витаминдердин жетишсиздигинен келип чыгат.
  • Эгерде башыңыз айланып, кулагыңызда үндөр угулуп жаткан болсо В3 жана Е витаминдери жетишпейт. Мындан сырткары марганец жана калийдин жетишсиздигинен да пайда болот.
  • Кызарган көздөр, караңгыга бир топ убакыттан кийин көнүү кээ бир учурда А жана В2 витаминдерине байланыштуу.
  • Какач көпчүлүк учурда В12, В6, F жана селен жетишпесе пайда болот.
  • Чачтын өңү өчүп жана сына баштаса В, F жана йоддун жетишсиздигинен кабар берет.
  • Чачтын түшүүсү B9, C, H, инозиттин жетишсиздигинен болушу ыктымал..
  • Уйку качып уктай албай жатсаңыз В тобундагы витаминдердин, калий жана кальцийдин аздыгынан келип чыгат.
  • С, К, жана В3 витаминдери жетишпесе мурун тез –тезден канай берүүсү мүмкүн.
  • Беттеги безеткилердин жана моюндагы кызыл тактардын пайда болуу себеби А жана В витаминдеринин аздыгынан келип чыгат.
  • Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!