Мурундун канашы

29-Ноя. 2017, Шаршемби, 09:56

Мурундун канашы көп учурда маанилүү болуп саналбайт. Бирок да баланын мурду канап, араң дегенде токтосо же болбосо башка тийген соккунун кесепетинен канаса медициналык жардамга кайрылуу керек. Балаңыздын муруну канаган кезде эмне кылуу керек?

Эң алгач баланын мурдун суу менен жакшылап жууп, башын кичине эңкейтип, мурун сөөгүнүн бүткөн жеринин астынан эки манжа менен кысып кармоо керек. 4 мүнөт кармап туруп, кандын токтоп-токтобогонун байкап туруу зарыл.

Мурун канганда баланын башын чалкалатпай кармап турууга аракет кылуу кажет. Антпесе баштан келген кан ашказанга өтүп, жүрөктү айлантып же болбосо кусуусуна себеп болушу мүмкүн.

Кан токтобосо өтө муздак сууга малынган марлини же музду мурундун үстүнө коюп, кайрадан мурун тешиктерин кол менен кысып туруңуз. Кан токтогондон кийин 4 саатка чейин баланы көзөмөлгө алып секирип, катуу кыймыл-аракет клбоосун көзөмөлдөңуз.

Кан жарым саатка чейин токтобосо, баланын башы айланып жана бети бозоруп калганын байкасаңыз дароо дарыгерге алып барыңыз. Баланын мурну тез-тез канай берсе, булардын себептерин да аныктаңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!