Колумбияда сел 254 адамды агызды

3-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Колумбиянын президенти Хуан Мануэль Сантос селден 254 адам көз жумганын, анын кырк үчү балдар экендигин “Twitter” аркылуу билдирген.

Бир нече саатка созулган нөшөрлөгөн жамгыр аймактарда суу ташкынын, айрым жерлерде жер көчкүлөрдү пайда кылган.

Куткаруучулар аба ырайынын катаал шарты жабыркагандарга жардам берүүгө тоскоолдук жаратып жатканын кабарлашкан. Ошондой эле көпүрөлөрү кыйрап, жолдору бузулган аймактарга жетүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканын кабарлашкан.

Путумайо провинциясынын башчысы Соррел Арока баткак аралаш суу бүтүндөй кварталдарды каптап калганын билдирген.

Дайынсыздарды издөөгө, селдин кесепеттерин жоюуга миң аскер жөнөтүлгөн. Андан тышкары Мокоанын экономикалык активдүүлүгүн арттырууга 415 миң доллар бөлүнгөн.

Путумайо департаментинин административдик борбору болгон Мокоа шаарында электр жарыгы жок. Суу менен камсыз кылуучу системалар жараксыз абалга келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!