Полиция сый урмат менен акыркы сапарга узады

10-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Террорчунун кол салуусунан көз жумган полиция кызматкери Кит Палмерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты мамлекеттик деңгээлде өтөт. Жекшембиде Вестминстер сарайына алынып келген табыт “Святой Марии Андеркрофт” чиркөөсүнө 24 саат коюлуп, дүйшөмбүдө жерге берилет. Бул королеванын макулдугу менен гана өтүүчү сейрек иш-чара болуп саналат. Британиянын экс-премьер-министр Маргарет Тэтчер ушундай сый урмат менен акыркы сапарга узаган.

Күч түзүмдөрүндө 25 жылдан ашык эмгектенген 48 жаштагы Кит Палмер ушул жылы парламентарийлерди жана дипломаттарды коргоо бөлүмүнө которулган. Артында жубайы жана 5 жашар кызы калды.

22-мартта Лондон шаарында унаа менен келе жаткан 52 жаштагы Халид Масуд Вестминстер көпүрөсүнөн өтүп бара жаткан бир нече кишини коюп кеткен. Андан соң парламентинин имараттынын жанында полиция кызматкери Кит Палмерге бычак урган. Террордук кол салууда 5 адам көз жумса, кырк адам жаракат алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!