Wаshington Post: Добуштар “ообага” которулган

Wаshington Post: Добуштар “ообага” которулган
21-Апр. 2017, Жума

ЦРУнун Түркия боюнча өкүлү Ак сарайга билдирүү сунуштаган. Анда Түркияда 16-апрелде өткөн референдумда 4 миллион добуш айлакерлик менен уурдалганы жазылган. “Жок” деген добуштар “ообага” которулгандыгы, жалпы өлкө боюнча эки миллион сириялыкка добуш бердиртилгени жана бул өзгөчө оор абал экени жазылган.

Мындай маалымат “Wаshington Post” гезитинин Интернет порталына жарыяланган. Анда “Түркияда өткөн референдумда 10 миллион добуш айырма менен “жок” тарабы жеңген. Чыныгы жыйынтык боюнча “ооба” деген добуш 18-19 миллион, ал эми “жок” деген добуш 28-29 миллион болгон. Мөөр коюлбаган бюллетендерди да саноого жол берилиши оппозициянын референдум жыйынтыгынын мыйзамдуулугунан күмөн саноолорун жаратууда”,- деп жазылган макалада.

16-апрелде Түркияда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өттү. Анда шайлоочулардын 51.3 пайызы өзгөртүүлөргө макулдугун беришкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!