Дубал жазуу жазган 86 жаштагы аял кармалды

13-Апр. 2017, Бейшемби

Германиянын Берн шаарында тынчтыкты жактаган жазуулары менен атагы чыккан 86 жаштагы Луисе Шенидер Швейцария улуттук банкынын дубалдарына “Бул акчалар куралдар менен адамдады өлтүрүү үчүн” деп жазып жаткан жеринен кармалды.

Тынчтыкты жактаган аял буга чейин башка жазуулары менен таанымал болгон. Ал дүйнөдөгү белгилүү ишканаларды согушка жардам берип жатат деп айыптап келген.

86 жаштагы Шенидер полициянын сурагынан кийин бошотулган. Анткен менен ал жазуу иштерин улантарын баса белгилеген.

Эгерде мындай аракеттери менен 12 ай ичинде кайра кармалса 1800 евро төлөөгө аргасыз болору эскертилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!