Колумбияда жардыруудан кырктай адам жабыркады

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Окуя 16-апрелде түнү Валье-дель-Каук департаментиндеги Сан-Педро шаарында болгон. Жардыруу катталган учурда “La Tusa” имаратынынын жанында элүүгө жакын дыйкандар жана кант камышында иштегендер турган.

Акыркы маалыматтарга караганда 38 адам ооруканага жаткырылды. Алардын алтоо олуттуу жаракат алышкан.

Окуя боюнча полиция эки жагдайды белгиледи. Биринде жарылуучу түзүмдү мотоцикл менен кетип бара жаткан адамдар ыргытып өтүшкөнүн болжолдонгон. Экинчисинде граната клубда иштегендердин бирине таандык экени, ал капысынан жарылганы белгиленген.

Укук коргоо органдары окуяга катыштыгы барларды аныктоого киришти.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!