АКШда кескелдирик офицер наамын алды

18-Апр. 2017, Шейшемби

Аризона штатындагы Эйвондейл шаарында полиция департаментине кескелдирик кызмат өтөөгө киришти. Бул туурасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери “Facebook” тармагындагы баракчаларына жазган.

Айро аттуу сакалдуу кескелдирикке полициянын төш белгиси 14-апрелде тагылды. Бул жаныбар Аризонанын департаментине 2016-жылдын апрель айында алынган. Ал түрдүү баңгизаттардын жытын билүүгө жөндөмдү.

Эксперттердин айтымында, бул кескелдириктердин жыт сезгичтиги абдан күчтүү. Андыктан алар кинология кызматындагы иттерге салыштырмалуу тыюу салынган нерселерди тез табышат.

Март айында Нью-Йорк шаарынын борбордук көчөсүндө доңуз күзөткө турганы белгилүү болгон. Өздөрүнүкү сымал кийим кийгизилген чочко жетелеген эки полицияны Манхэттендин Сохо районунан кездештиришкен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!