Роналду сүйүктүүсүн ачыкка чыгарды

19-Июль 2017, Шаршемби

“Реал Мадрид” футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду сүйүктүүсү менен көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөнүн, анын кош бойлуу экенин айтты. Бул тууралуу футболчу "El Mundo" басылмасына берген маегинде билдирди.

Роналду өзүнүн сүйүктүүсү Джорджина Родриестин учурда кош бойлуу экенин ырастады. Алар 2016-жылдан баштап жолугуп, мамиледе болуп келишкен. Футболчу менен таанышканга чейин Родригес кийим сатуучу дүкөндө иштеген.

Эске салсак, буга чейин Криштиану Роналдунун 8-июнда эгиз балдардын атасы болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!