Иран акча бирдигин алмаштырат

24-Июль 2017, Дүйшөмбү

Өлкө башчысы Хасан Руханинин жетекчилигинде чогулган министрлер кабинети өлкөнүн акча бирдиги риалды түменге алмаштырууну туура көрдү. Министрлер кабинетинин чечимин өлкөнүн парламенти жана Конституцияны коргоо кеңеши карап чыгат.

1 түмен 10 риалга барабар болот. Түмен буга чейин да Иранда расмий акча бирдиги катары пайдаланылган. Фарс тилинде Туман же Томен деп айтылат.
Иран мамлекети акча бирдигин алмаштыруу аркылуу банк системасындагы башаламандыктарды жоюну максат кылууда. Банк тармагында риал өлкөнүн расмий акчасы катары пайдаланылганы менен эл акчадагы бир нөлдү алып салып, түмен деген сөздү колдонууну туура көрүшкөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!