​ЭКСПО-2017: Бир жарым миллион көрүүчү катталды ​

25-Июль 2017, Шейшемби

25-июлга карата эл аралык ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнө бир жарым миллион көрүүчү катталганын Казакстандын Улуттук компаниясынын маалымат кызматы кабарлады.

17-23-июлга карата Астана шаарындагы ЭКСПО көргөзмөсүн 285 300 адам көргөн. Башкача айтканда, күнүнө орточо эсеп менен 40 757 көрүүчү келген. Ал эми 10-июндан 23-июлга карата жалпы катышуучулардын саны 11 295 991 болгон. Алардын көбү “Нур-Алем” павильонунун, коммерциялык лабораториялардын жана дю Солей циркинин көрүүчүлөрүнөн турат.

Эскерте кетсек, 11-июлда Астанадагы математика сабагынын мугалими ЭКСПО-2017 көргөзмөсүнүн миллионунчу көрүүчүсү деп эсептелген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!