Журналист түз эфирде таяк жеди

3-Авг. 2017, Бейшемби

“НТВ телеканалынын кабарчысы түз эфирде таяк жеди”,-деп кабарлайт “snob.ru” сайты.

Москвада ичимдик ичип алган эркек киши НТВнын кабарчысы Никита Развозжаевди түз эфир учурунда уруп жиберген. Окуя Десанттык аба аскерлеринин күнүн майрамдоо маалында Горький эс алуу багында болгон. Видео “YouTube” каналына жүктөлгөн.

Маалыматка ылайык, журналист майрамдык репортаж жүргүзүп жаткан. Ошол учурда анын жанына ичимдик ичкен эркек киши келип, ага адепсиз сөздөрдү айтып, жолтоо жараткан. Акырын туруусун өтүнгөн журналистти ал адам бир муштаган, ызы-чуу учурунда репортаж токтоп калган.

Ал эми студиядагы алып баруучу болсо “Бизде көйгөйлөр жаралып калды. Журналисттин абалы жакшы деп үмүттөнөм” деп эфирди аяктаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!