АКШ Венесуэла лидерине санкция киргизди

3-Авг. 2017, Бейшемби

АКШ Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадурого диктатор деген баа берип, ага карата каржылык санкция киргизилгенин жарыялады. Мындай чектөөлөргө ылайык америкалык компаниялар жана адамдар Мадуро менен соода мамилелерин түзүүгө тыюу салынды.

АКШнын Казына министрлигинин Чет элдик мүлктөрдү көзөмөлдөө бюросу (OFAC) даярдаган билдирүүдө Николас Мадуро өлкөсүндө авторитардык режим орнотууга аракеттенип жатканы белгиленген.

Венесуэлада Конституцияны жазуу органын шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилгени жазылган. “Бул шайлоодо Венесуэланын Конституциялык жана демократиялык түзүлүшү бузулганын көрсөтүп турат. Мадуро бийлиги Конституцияны жазуу органын шайлоону элинин жана дүйнөдөгү демократиялык өкмөттөрдүн каршылыгына карабай ишке ашырды”,-деген сүйлөмдөр орун алган.

Венесуэладагы өнүгүүлөр

Венесуэлада 30-июлда Конституцияны кайрадан жазуу боюнча түзүлө турган органдын өкүлдөрүн аныктоо боюнча шайлоо өткөн.

Улуттук шайлоо комитетинин төрагасы саясий өнөктүккө элдин 41,53 пайызы же 8 миллион 89 миң 320 адам катышканын билдирген. Ал эми оппозиция болгону 2-3 миллион адам добуш бергенин, массалк каршылыктар менен коштолгон ал күнү 15 адам көз жумганын маалымдашкан.

Континеттеги өлкөлөр каршы чыккан

Аргентина, Перу, Колумбия жана Панама өкмөттөрү Венесуэладагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдирген. Ага чейин Франция, Испания, АКШ жана Европа биримдиги шайлоону жокко чыгарууну талап кылган. Добуш берүүгө барган президент Николас Мадуро өлкөсү террор жана зомбулук менен күрөшүп жатканын белгилеп, дүйнө бул аракеттерин колдооруна ишенерин айткан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!