Бала багып алганын 28 жылдан кийин билишти

5-Авг. 2017, Ишемби

Кытайда жубайлар 28 жыл бою башка бирөөнүн баласын багып алганы белгилүү болду. Уулунун (өзгөчө келбеттүү) экенинен шектенген атасы баласынын ДНКсын текшертүүнү ойлогон. Ошентип ал аялына баласынын келишимдүү экенин айтып, андан күмөн санап жатканын бидирген. Бул тууралуу "NUR.KZ" сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, аларга 1989-жылы Шанхайдагы ооруканада башка бир наристени берип салышкан. Баланын энеси Чжан күйөөсү экөөнүн “өзгөчө сулуу” болуп өскөн уулуна карап, күмөн пайда болгонун айткан. Ошондо күйөөсү 2004-жылы Чжанды “бирөө менен мамиледе болгонсуң” деп айыптаган да, 2004-жылы ажырашып кеткен.

“Анын көзү чоң, мурду да башкача. Атасы анчалык сулуу эмес, алар бири-бирине такыр окшошушпайт”,-деди Чжан.

Жубайлардын 28 жыл бою баласы болуп келген Ванг аттуу жигит ДНК тесттин жыйынтыгын угуп таң калып калышкан.

Азыр ал оорукананын ишине байланыштуу арыз жазып, өзүнүн биологиялык ата-энеси ким экенин издөөгө киришти. Ал эми энеси болсо 1,3 миллион юань көлөмдөгү төлөм талап кылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!