Гандинин небереси вице-президенттике ат салышууда

5-Авг. 2017, Ишемби

Индиянын парламенти ишембиде өлкөнүн жаңы вице-президентин шайлайт. Бул орунга эки талапкер ат салышууда. Алардын бири Гопалкришну Ганди көз карандысыздык үчүн күрөшкөн баатыр Махатма Гандинин небереси экени белгилүү. Ал эми мурдагы вице-президент Мохаммад Хамид Ансаринин мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Шайлоонун эрежелери

Конституцияга ылайык вице-президент бир эле мезгилде парламентте Жогорку палатанын (Раджья Сабха) төрагасы болуп саналат. Ошондой эле мамлекетте экинчи адам болгондуктан президент ордунда жокто же ооруп калганда анын милдетин аткарат.

Индиянын мыйзамына ылайык вице-президенттик кызматка Жогорку палатанын талаптарына жооп берген 35 жаштан жогорку ар бир жаран талапкерлигин көрсөтө алат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!