Япониядан АКШга ири инвестиция

5-Авг. 2017, Ишемби

АКШнын президенти Дональд Трамп социалдык медидагы баракчасына Япония “Toyota” жана “Mazda” компаниялары Америкага 1,6 миллиард долларлык завод кураарын билдирди.

“Бул ири ишканалар АКШда 1,6 миллиард долларлык жаңы завод курат. Анда 4 миң америкалыкка жумуш орду түзүлөт, Бул Америка өнөр жай үчүн зор салым”,-деген Трамп. Ошол эле мезгилде Тайвань технологиялык “Foxconn” ишканасы 10 миллиард долларлык заводго инвестиция жумшаарын кошумчалады.

2021-жылы пайдаланууга берилет

“Toyota” жана “Mazda” тарабынан келген орток билдирүүдө жылына 300 миң унаа чыгарууга ылайыкталган завод курулары айтылган. Жаңы заводдо “Mazda” АКШ рыногу үчүн жаңы “Crossover” унааларын, ошондой эле “Toyota Corolla” үлгүлөрү чыгарлары баса белгиленген. Аны менен бирге унаа куруучу жайларын 2021-жылы пайдаланууга киргизүү пландалганы маалымдалган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!