Мейвезер бокс менен коштошот

28-Авг. 2017, Дүйшөмбү

“Америкалык мушкер Флойд Мейвезер кечээки жеңишинен кийин рингдеги карьерасынын аяктаганын маалымдады”,-деп кабарлайт “Lenta.ru”.

«Бүгүнкү бокс кечи менин акыркы жекеме-жеке чыкканым. Мен “бийлеп жүрүш” үчүн өзүмө ылайыктуу атаандашты тандадым”,-деди Мейвезер.

Айта кетсек, америкалык мушкер буга чейин эки жолу-2007 жана 2015-жылдары карьерасын аяктаганын маалымдаган эле.

Эскерте кетсек, кечээ Мейвезер АКШынын Лас-Вегас шаарында ММА боюнча ирланд Конор Макгрегорго каршы мушташып, 10-раунда техникалык нокаут менен жеңди.

Бул мушташ Флойдун 50-жолку кездешүүсү. Ал бир дагы жолу жеңилип көргөн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!