Дүйнөдөгү мыкты бал муздак тандалды

12-Окт. 2017, Бейшемби, 15:20

Италияда бал муздак өндүрүүчүлөрдүн “Gelato World Tour” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу дүйшөмбү, 11-сентябрда уюштуруу комитетинин “Твиттердеги” баракчасына жарыяланды.

Биринчи орунду мистеден (фисташка) бал муздак даярдаган италиялык Алессандро Криспини алды. Ал таттууга сицилиялык мистенин үч түрүн колдонгон.

Экинчилик Германияда жашаган Гидо жана Лука де Роккого берилди. Алар калыстар тобуна карамелденген жаңгактары менен жүзүм шербетин тартуулаган.

Жарышка 19 мамлекеттин 36 бал муздак өндүрүүчүлөрү катышты. Конкурстун акыркы айлампасы Италиянын Рим шаарында 8-10-сентябрда өттү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!