Виртуалдык акчанын наркы жогорулады

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 14:38

Тездик менен жогорулап, рынокто толкун жаратып жаткан Биткойн 10 миң доллар деңгээлине алдыга жылса, дүйнөдө крипто акча базарынын көлөмү биринчи ирет 300 миллиард доллардан ашты.

“Business Insider” порталынын маалыматына караганда крипто акча базарынын жалпы көлөмү 303 миллиард долларга жетти.

Дүйнөдөгү эң ири виртуалдык акча Биткойн 26-ноябрда 9 миң 694 доллар менен тарыхта эң жогорку чекке жетти. Андан кийинки эң баалуу виртуалдык акча “Ethereum” 26-ноябрда 485 доллар менен жаңы рекорд койду.

Крипто акча базары июнь айынан бери үч эсеге жогорулаганын белгилеген адистер мындай өсүш уланарын болжолдоодо.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!