Космоско билет 225 млн доллардан сатылды

28-Ноя. 2017, Шейшемби, 16:50

Британиялык ишкер жана миллиардер Ричард Брэнсондун компаниясы “Virgin Galactic” космоско барчу туристтерге 900 билет сатканын “Synergy Global Forum 2017” бизнес-форумунун жүрүшүндө “KupiVIP.ru” компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Оскар Хартманга берген маегинде айтты.

“2-3 айдан кийин “Virgin Galactic” космоско бет алат. Андан улам көптөгөн адамдар ааламды көрө турган жаңы космостук эра башталарынан үмүттөнүп жатам”,-деген Брэнсон.

“Virgin Galactic” ишканасынын космоско бир билети 250 миң доллар. Брэнсондун айтымында бул андан да арзандайт.

Аталган компания “Unity” үлгүсүндөгү өзүнүн “SpaceShipTwo” туристтик кемеси бир нече жолу сынактан өткөргөн. Бул түзүм суборбиталдык космостук учууну ишке ашырары күтүлүүдө.

“Unity” үлгүсү февралда сынактан өткөрүлүп, 8-сентябрда биринчи сапарга чыккан.

Анын сырткы көрүнүшү 2014-жылы Калифорниянын Мохаве чөлүндө сынак учурунда кулаган “Enterprise” үлгүсүнө окшош. “Virgin Galactic” компаниясы ал кырсыктан кийин жаңы тыянак чыгарып, анын үлгүсүн коопсуз кылып кайрадан жасаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!