Генерал уу ичти

30-Ноя. 2017, Бейшемби, 09:58

Гаагада Эл аралык трибуналда мурдагы Югославия боюнча жыйында уу ичип жиберген хорватиялык генерал Слободан Праляк ооруканада көз жумду.

Праляк апелляциялык соттун өкүмүн укканда хорват тилинде “Соттор, Слободан Праляк аскердик кылмышкер эмес. Мен сиздердин вердикти жийиркенүү менен кабыл алып жатам”,-деген. Бул сөзүнөн кийин дароо идиштеги кандайдыр бир суюктукту ичип жиберген. Бирок адвокаттынын айтымында ал ууну эртең менен ичкенин билдерген.

Пралякка сот залында алгачкы жардамдар көрсөтүлгөндөн кийин ооруканага жеткирилген. Дарыгелер канча аракет кылганы менен сактап кала алышкан жок. Полиция окуя боюнча тергөө иштерин баштады.

Буга чейин сот 2013-жылдагы Герцег Боснанын жетекчилигинин биригүүсү боюнча үч адамга өкүм чыгарган. Ага ылайык экс-мамлекет башчы Ядранко Прлич, Коргоо министри Бруно Стойич жана генерал Пралякка мурда берилген мөөнөт өзгөрүүсүз калган.

Аты аталгандар 2013-жылы Босния жана Герцеговинадагы 90-жылдагы согушта адамзатка карата кылмыш боюнча айыпталып, 10дон 25 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Айыпталып жаткандар апелляциялык сотко арызданышканы менен өкүм өзгөрүүсүз калган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!