Бир аптада 45 миң адам качкынга айланды

6-Март 2017, Дүйшөмбү

Мосулдун батышындагы жаңжалдардан улам 45 миңден ашык тургун аймактан чыкканын Эл аралык миграция уюму билдирди

Ирак армиясы жана коалиция күчтөрү тарабынан 19-февралда аскердик операция башталгандан бери башкалка сурагандардын саны өскөн. 25-февралдан бери тогуз күн аралыгында 45 миң качкын катталганын белгилеген уюм булардын 17 миңи 28-февралда лагерлерге келгенин, Мосул операциясынан бери жалпысынан 200 миң качкын катталганын кошумчалады.

Мосул операциясы

Ирак армиясы 2016-жылдын октябрь айында 2014-жылы ИЛИМ террордук тобу тарабынан оккупацияланган шаарды бошотууга киришкен.

Мосулдун чыгышын январь айында бошоткон аскер күчтөрү чакан, бирок калк жыш жайгашкан батышты көздөй багыт алган.

Өкмөттүк армия ал жактан шаардын тарыхый жерлерине алып бара турган беш көпүрөнүн экөөнү көзөмөлүнө алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!