АКШнын президенти аялзатын расмий куттуктаган жок

9-Март 2017, Бейшемби

Аялдарды кемсинткени менен айыпталып келген АКШнын президенти Дональд Трамп 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата расмий куттуктоо жолдогон жок. Андан улам жаңы лидердин көп жылдык салтты бузганы айтылууда.

АКШда 8-мартты белгилөө тууралуу резолюция кабыл алынган жана буга чейинки президенттердин куттуктоолору Ак үйдүн сайтына жарыяланчу. Ал эми Дональд Трамп маалымат катчысы жана “Twitter” аркылуу куттуктоо менен гана чектелген. Анда “Аялзатын абдан сыйлайм. Коомубуздун түзүлүшүндө жана экономиканы өнүктүрүүдө алардын ролу абдан маанилүү”,-деп жазган.

Майрамдын алдында АКШ бийлиги Нью-Йорк шаарынын Манхэттен районундагы “Трамп тауэр” мунарасынын алдына чыккан 13 аялды кармаган. Аялдардын укугун коргоо боюнча демонстрация уюштургандар АКШда теңсиздик тууралуу айтып чыгышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!