Балтачан адам жүргүнчүлөргө кол салды

10-Март 2017, Жума

9-мартта Дюссельдорф шаарынын темир жол вокзалында белгисиз адам туш келген жүргүнчүлөргө балта менен кол салган. Окуяда жети адам жаракат алды. Жаратынан улам кылмышкер качууга үлгүргөн эмес. Темир жол вокзалында коопсуздук чаралары көрүлүп, сапарлар убактылуу токтотулган.

Балтачан адам 36 жашта болгондугу жана акыл эси жайында эмес экендиги аныкталды. Ал эми анын аракеттеринин себеби азырынча белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!