Түштүк Кореяга коргонуу системасы жайгаштырылууда

7-Март 2017, Шейшемби

Түзүм Сонджу уездине орнотуларын аталган өлкөнүн Коргоо министрлиги тастыктады

АКШ ракетага каршы THAAD системасын Түштүк Кореяга жайгаштырууга киришкенин “Рёнхап” агенттиги кабарлады.

Маалыматтарга караганда стратегиялык аскердик-транспорттук C-17 учагы шейшембиде THAAD системасынын айрым жабдыктарын Осандагы аскердик базага алып келген.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги түзүм Сонджу уездине жайгаштырыларын, 2 ай аралыгында толук орнотуларын тастыктады.

Буга чейин ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу үстүбүздөгү жылдын июнь-июль айларында башталары белгиленген. Бирок Корея Элдик-Демократиялык Республикасы ракеталарын сынагандан бери АКШ жана Түштүк Корея бул процессти тездетүүнү чечти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!