Түркмөнстанда Ислам Каримовдун эстелиги ачылды

9-Март 2017, Бейшемби

Туркменабад шаарында Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун эстелиги ачылды.

Иш-чарада Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев жана Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов эстеликке гүл чамбар коюшту.

7-мартта өткөн ачылыш салтанатында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ислам Каримовдун эки өлкөнүн кызматташтыгына салымы зор экенин баса белгиледи.

“Өзбекстандын тунгуч президентине мыкты эстелик тургузуу анын ишин татыктуу улантууга барабар”,-деди Бердымухамедов.

Ошол эле учурда Түркмөнстандын маалымат агенттиктери Ислам Каримовдун аты Лебап велаятынын административдик борбору жайгашкан көчөгө ыйгарылганын жазып чыкты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!