Эйфель мунарасы жабылды

8-Фев. 2018, Бейшемби, 11:06

Франциянын борбору Париж шаарында кардын жаашы акыркы 30 жылда рекорддук көрсөткүчкө жетти. Айрым аймактарында калыңдыгы 20 сантиметрден ашты. Андан улам Эйфель мунарасы зыяратчыларды кабыл алууну токтотту.

Үйү жоктор үчүн 46 баш калкалоочу жай ачылган. Антсе да алардын көбү поезд станцияларын, аба майдандарын жылынуучу жерлерге айлантышты.

Келерки күндөрдө абанын температурасы -9 градуска төмөндөөрү күтүлүп, элге катуу суук болору эскертилди.

Ага карабастан кар баскан Парижден туристтердин саны азайган жок.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!