​Исаков буту кесилген наристеге каражат бөлдү

26-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 15:45

Премьер-министр Сапар Исаков жол кырсыктан улам буту кесилген 2 жаштагы наристенин дарылануусу үчүн өкмөттүн резервдик фондунан 100 миң сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Маалыматка караганда, каражат жол кырсыгынын айынан жубайынан ажырап, эки жашар кызы менен калган Жыргалбек Чотоновго берилген.

Эскерте кетсек, 9-февралда Бишкек шаарынын Витебская жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобустун айдоочусу жолдун жээгинде баласын көтөрүп турган келинди сүзүп, анын кесепетинен улам аял каза болгон жана эки жашар кызы жабыркаган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!