Септи жактырбаган күйөө бала келинчектен баш тартты

8-Фев. 2018, Бейшемби, 13:54

Навои шаарында күйөө бала үйлөнүү үлпөтүнүн алдында келинчегинен баш тартты. Ага септи жактырбаганы себеп болгон.

“Ёшлар” телеканалына берген маегинде келинчегинин үй-бүлөөсү жакшы жашагандыгын, андан улам көптү күткөнүн айткан. “Септи Түркиянын кымбат буюмдарынан даярдайт го десе, жергиликтүү базардан алыптыр. Ал абдан жакшы жашаган үй-бүлөөдөн болгондуктан мыкты даярдайт деп ойлогом”,-деген күйөө бала.

Бул ролик Интернет тармагына чыгары менен Ташкенттин имам-хатиби Анвар-кори Турсунов эркектер аялдардан сеп доолабашы керектигин айтып чыкты

“Кыздын ата-энесин эмерек, алтын, техника сатып бергенге эч ким кыйнай албайт. Булардын бары бала тараптын милдети. Эркек аялдыкка алып жаткандан кийин окутуу, дарылатуу сыяктуу бардык жоопкерчиликтер анын мойнунда. Болбосо ал мусулман эмес”,-деген имам.

Өзбекистанда мындай көрүнүштөр кеңири кездешет. Материалдык көйгөйлөр үлпөт той эле эмес, үй-бүлөнүн жашоосун татаалдаштырууда. Андан улам алгач жаштарга бирге түтүн булатуунун негиздерин окутуу жагы демилгеленүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!