Асмандагы кубулуш АКШ элин таң калтырды

9-Фев. 2018, Жума, 11:43

Американын Виргиния штатында асмандан узуну бир нече чакырымга жеткен гиганттык булут көрүнгөн кадрлар “YouTube” каналына жайгаштырылган. Адаттан тыш жаратылыш кубулушу 5-февралда болгон.

“Жумушка кетээр алдында ашканада кофе даярдап жатып кызгылт жарыкты көрдүм. Терезеден караганымда бул сыйкырдуу түтүк түрүндөгү булут биз жашаган аймакта асманда түрлөнүп жаткансыды. Укмуштуудай, сейрек көрүнүш болду”,-деген видеонун автору.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!