Жалаң жумуртка жеп кала жаздашты

9-Фев. 2018, Жума, 12:37

Түштүк Кореяда өтүп жаткан кышкы олимпиадага катышкан Норвегия командасынын жетекчилиги жергиликтүү супер маркеттен байкабай 15 000 жумуртка алышкан.

“Google Котормочуну” пайдаланган норвегиялыктарга корей тилинде берген тапшырыктын негизинде 1 миң 500 жумуртканын ордуна 15 миң жумуртка берилген.

“BBC” түрк кызматынын кабарына ылайык команданын ашпозчусу Стайл Йохансен жергиликтүү гезиттерге берген билдирүүсүндө 13 миң 500 жумуртканы артка кайтаруу иштери башталганын айткан.

“BBC” Корея кызматынын журналисти Дэвид Канн Кореянын санак системасындагы айырмачылыктардан улам ката кетиши мүмкүн экенин белгилеген.

Корей тилинде 1,500 менен 15,000 ортосундагы айырмачылык төмөндөгүчө.

Норвегия олипиада командасынын жетекчиси Торе Овребо Пхёнчхан шаарындагы маалымат жыйынында “Тапшырыктарда нөлдөр ашыкча экен. Башкача айтканда 1,500дүн ордуна 15,000 болгон. Бул өтө деле көйгөй болгон жок”,-деген.

Норвегия кышкы оюндарга 109 спортчу жиберди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!