Бали аралында жашоо токтойт

17-Март 2018, Ишемби, 14:18

Индонезиянын Бали аралы индустардын “Үнсүз майрамын” белгилешет.

Индустар жыш жашаган аралда жергиликтүү тил менен айтканда “Nyepi” деген аталыштагы белгилүү үнсүздүк майрамынын алкагында бүгүн, 17-мартта 24 саат бою туристтер болобу эч ким көчөгө чыкпашы керек.

Күнү бою бардык учак каттамдары токтотулуп, уюлдук телефондорго, Интернетке байланыш болбойт. Балиде көчөлөрдө бардыгы эрежелерге көз салууга милдеттендирилген “Печалангдар” кызматы ишке кирет.

“Шайтандын жер жүзүнө түшүүсүн” символдоштурган ишеним же “Nyepi” майрамында индустар тоскоолдуктарды, ийгиликсиздиктерди кубалоо үчүн көңүл ачууну токтотот. Электр жарыгы, күнүмдүк кыймылдар бир күндөн ашык токтолот.

Туристтер эң көп келген Бали аралындагы үнсүздүк майрамынын тыюуларынан качкан туристтер негизинен аймакка жакынкы Ломбок аралына агылышты.

Шамдар аркылуу жарык бериле турган аралда өзгөчө кырдаалдар үчүн оорукана сыяктуу айрым коомдук мекемелер иштейт.

Аралдагы индустар жаман ой жана сезимдерден арылганына ишенген “Nyepi” майрамын жаңы жылга кирүү катары кабылдашат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!