Сырткы карыз 144 млн. долларга өсүүдө

30-Март 2017, Бейшемби

Кыргызстандын тышкы карызы ар бир эмгекке жөндөмдү жаранга 1500 доллардан туура келет. Бул тууралуу “Politmer” саясий мониторинг ресурсу билдирди.

Маалыматка караганда, 1993-жылдан бери өлкөнүн карызынын өлчөмү жылына 144 млн. долларга өсүп турган. Кыргызстандын тышкы карызы көбөйүүсү уланууда. Ар бир эмгекке жөндөмдү жаранга 1500 доллардан туура келет. Анын 600 доллары же 40 пайызы Кытай банкынан алынган карыздар. 2017-жылдын январь айына карата өлкөнүн карызы 3 млрд. 782,74 млн. долларга жеткен. Алсак Кытайдын Эксми банкына 1 млрд. 523 млн. доллар.

Дүйнөлүк банкы жана анын структураларына (Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы, Эл аралык валюта фонду) 806 млн. доллар.

Азия өнүктүрүү банкына 568 млн. доллар.

Япония эл аралык кызматташтык банкына 236 млн. доллар.

Турция өкмөтүнө 97 млн. доллар.

Немец банкына (KfW) 76 млн. доллар.

Ислам өнүктүрүү банкына 65 млн. доллар.

Россига 270 млн. доллар.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!