Жарым жылда өндүрүш илгерледи

25-Июль 2017, Шейшемби

Жалал-Абад шаарындагы өнөр жай ишканалары быйылкы жарым жыл ичинде өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпысынан 204,6 миллион сомдук продукцияны көп өндүрүшүп, ал шаар боюнча өндүрүлгөн жалпы дүң продукциянын 13 көлөмүн түздү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Жалпы өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын көлөмү 1 миллиард 565,9 миллион сомго жеткен. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Атап айтканда, 237,5 миллион сомдук күйүүчү-майлоочу материалдар өндүрүлдү жана өсүү темпи 118,4 пайызды, 273,9 миң сомдук химиялык продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 108,2 пайызды түзгөн. Ошондой эле электр энергиясы 141,7 миллион өндүрүлдү жана өсүү темпи 119,7 пайызга артты, 828,5 миллион сомдук электр энергиясы бөлүштүрүп берилди (125,5%), 98,2 миллион сомдук табигий газ (137,5%), 24,5 миллион сомдук таза суу иштелип чыгып (109,9%), 11,5 миллион сомдук саркындуу суулар тазаланды (109,5%).

Шаар боюнча өнөр жай ишканалар тарабынан өткөн жылдын 6-айына салыштырмалуу мөмө-жемиш шербети 108 пайызга, жашылча 159,7 пайызга, нан продукциясы 101,1 пайызга, торт жана кондитердик продукция 152,4 пайызга, алкоголсуз ичимдиктерди өндүрүү 108 пайызга, макарон жана кесме өндүрүүнүн көлөмү 172,7 пайызга өскөн.

Жыйында шаардагы өнөр жай ишканалары тарабынан продукция өндүрүүнү арттыруу жана өндүрүлгөн продукцияны сатып өткөрүү жагынан бир топ маселелерди чечүү боюнча сунуштар айтылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!