​Бюджеттин кирешеси 64,2 млрд сомго жетти

25-Июль 2017, Шейшемби

Үстүбүздөгү жылдын бирнчи жарым жылдыгында бюджеттин кирешеси 64,2 млрд сомго жетти. Бул тууралуу Каржы министрлги билдирди.

Маалыматка караганда, биринчи жарым жылдыктагы бюджеттин кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 8 млрд. 694,9 млн. сом түшкөн. Анын ичинен салык түрүндө 41 млрд. 328,7 млн. сом түшкөн. Бул каражат бюджети 78,9 пайызын түзөт.

Тармактар боюнча келип түшүүлөр:

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 26 млрд. 412,1 млн. сом.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 14 млрд. 916,6 млн. сом

Социалдык керектөө төлөмүнөн 1млрд. 357,3 млн. сом

Атайын трансферттен 2 млрд. 237,5 млн. сом

Ал эми калган бөлүгү салык эмес келип түшүүлөр 10 млрд. 748 млн. сомду түзөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!