​Табылды Эгембердиевдин айкели орнотулду

27-Июль 2017, Бейшемби

"Шоро" компаниясынын 25 жылдыгына карата, компанияны кеңсесине маркум ишкер Табылды Эгембердиевдин стелла-айкели орнотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эстеликтин ачылыш аземине шаар жетекчилери, кызматкерлер, Табылды Эгембердиевдин замандаштары катышты.

Бишкек шаарынын вице-мэр Бакытбек Дюшембиев компаниянын 25 жылдык мааракеси менен куттуктап, мындан ары дагы компанияга ийгиликтерди каалады. Аны менен катар мэр Албек Ибраимовдун ыраазычылык катын тапшырды.

Стеллада Табылды Эгембердиевдин ишкерлик жолу чагылдырылган. Сүрөттүн башында чакан казанга кайнап жаткан жарма, анын базарга чыгышы жана чоң компанияга айланышы тартылган. Анын алдында ишкердин андан аркы келечекти көрсөткөн тулкусу орнотулган.

Белгилей кетсек, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, публицист, ишкер Табылды Эгембердиев 2015-жылы 16-майда 64 жаш курагында дүйнө салган. Ал 1992-жылы иниси Жумадыл Эгембердиев менен бирге улуттук суусундуктарды чыгарган "Шоро" компаниясын негиздеген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!