Социалдык тармакка 33,5 млрд. сом жумшалган

1-Авг. 2017, Шейшемби

Үстүбүздөгү жылдын 6 айында өлкө бюджетинен социалдык тармакка 33 млрд. 571 млн. 3 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, социалдык тармакка жумшалган каражат өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 168,2 млн. сомго аз болгон.

Анын ичинен социалдык коргоого - 13,2 млрд. сом же 20,4 пайызы жумшалган.

Билим берүүгө – 12,6 млрд. сом же 19,5 пайыз сарпталган.

Саламаттыкты сактоого – 6,2 млрд. сом же 9,6 пайыз.

Эс алуу, маданият жана динге 1,5 млрд. сом же 2,4 пайыз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!