Баалуу кагаздан 10 млрд. сом түштү

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 15:53

Үстүбүздөгү жылдын өткөн сегиз айында мамлекеттик баалуу кагаз чыгаруудан өлкө бюджетине 10 млрд. сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын январь-август айларынын аралыгында, мамлекеттик казналык вексель чыгаруудан жана мамлекеттик кыска мөөнөтүү облигациядан мамлекеттик бюджетке 10 млрд. 338 млн. сом түшкөн.

Анын ичинен казналык вексель чыгаруудан 3 млрд. 409 млн. сом түшсө, ал эми мамлекеттик кыска мөөнөтүү облигациядан 6 млрд. 928,99 млн. сом киреше кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!