Балакайдын ден соолугу үчүн каражаттар

Балакайдын ден соолугу үчүн каражаттар
4-Авг. 2017, Жума

Жаш балдар дарыгерлери кээ бир учурда балакайларды дарылоодо дарыканадагы дары- дармектерден сырткары элдик ыкмаларды колдонууну да сунуштап келишет. Анткени айрым өндүрүштүк дары- дармектерге салыштырмалуу органикалык дарылык каражаттар жеңил таасир берип балакайдын организми үчүн коопсуз келет. Төмөндө текшерүүдөн өткөн жана жакшы жыйынтык бере турган үй шартында колдонулуучу ыкмалар.

Укроп ичтин оорусун басат

Жаш балдардын дээрлик бардыгы кайсы бир учурда ич оорусуна кабылып, жабыркашат. Ал, ич катуудан, тамак-аштан уулануудан, кычкыл рефлюкстан, ашказан сасык тумоосунан жана ашыкча тамактанып алуудан келип чыгышы мүмкүн. Ал эми укроптун үрөнү - дал ушундай көйгөйлөр менен мыкты күрөшөт. Бир стакан кайнак сууга бир чай кашык укроп кошуп, 10-15 мүнөткө тыныктырып коюу керек. Андан кийин бир аз бал кошуп күнүнө эки маал ичсе болот. 3-5 күн аралыгында айыгат.

Алоэ вера териге чыккан бүдүрлөргө

Териге чыккан бүдүрлөр балакай үчүн дагы бир көйгөйлөрдүн бири. Аллергия, курт- кумурска, чымын- чиркей чагып алганда, уулуу өсүмдүккө денеси тийгенде пайда болот. Алоэ вера мындай көйгөйдү тез эле чечет. Жаңы кесип алган алоэни жабыркаган жерге 10-15 мүнөткө жаап коюп, андан кийин салкын суу менен жууп саласыз. Күнүнө бир нече ирет кайталанат.

Сасык тумоого бал жардам берет

Микробдорго каршы эң мыкты каражаттардын бири дал ушул бал болуп эсептелет. Ал, сасык тумоо, вирус, жөтөл менен жакшы күрөшүп, түнкү уйкуну жакшыртат. Эгерде балакай сасык тумоолоп калса, анда, эки чай кашык таза балга бир чай кашык лимон ширесин кошуп аралаштырып беш күн боюу күнүнө үч маал бериңиз. Бирок, бир жашка чейинки аллергияга туруштук бере албаган жаш балдарга берүүгө тыюу салынат.

Зайтун майы кулак оорусуна

Айрыкча жаш балдар үчун кулаыктын оорусуна чыдоо абдан кыйынчылык жаратат. Кеңири тараган көйгөйлөргө кулакка суу кирүү, сасык тумоо же мурундун бүтүшү кирет. Зайтун майы кулакка кире турган инфекция киргизбей жолун тосот. Бир аз зайтун майын жылытып ар бир кулагына 2 тамчыдан тамчылатып коюу керек. Андан кийин жылуу грелка коёсуз. Бул ооруну жеңилдетет. Эми кулак тазалаган кебез менен кулакты тазалап коёсуз.

Имбирь астма үчүн

Тилекке каршы дүйнөдө жаш балдардын астма орусуна кабылуусу күндөн күнгө өсүүдө. Буга начар экология, аллергиягын өөрчүп кетиши, дем алуу органдарындагы инфекция жана өтө нымдуу климат себеп болууда. Имбирь текшерүудөн өткөн эң мыкты каражатардын бири жана ал астма менен жакшы күрөшөт. Анын курамындагы заттар дем алуу органдарындагы көйгөйлөрдү кабылдап кетүүгө жол бербейт жана азайтат. Имбирди майда күкүмдөп, ага бирдей өлчөмдө анар менен бал кошуп күнүнө үч маал бир аш кашыктан берип туруу зарыл. Канча айда жана канча күн берүү керек дарыгер менен кеңешип аласыз.

Тиш ооруга туз

Жаш балдардын тиш оорусу дагы олуттуу болгондуктан негизи тиш доктурга алып барып көрсөтүү маанилүү. Бирок, ага чейин ооруну басуу үчүн жылуу сууга бир аз туз сээп оозун чайкап туруу керек.

Куркума жөтөлгө

Бир стакан жылуу сүткө жарым чай кашык куркума салып, жакшылап аралаштырып күнүнө эки маал берсеңиз жөтөл тез кетет. Эгерде жөтөл кургак болсо, анда жарым чай кашык куркумага бир чай кашык бал кошуп бериңиз. Күнүнө үч маал, үч күн берилет.

Корица түнкү заара ушатууга каршы

Беш жаштан өткөн балдар кээде түндөсү заара ушатып коюшат. Буга корица жакшы жардам берет. Ал үчүн күнүно бир жолу бир таякча корица берип коюңуз.

Банан диареяга каршы

Диарея менен жабыркаган балдарга бананга сууга бышырылган картошка же күрүч кошуп берсеңиз болот. Бир апта жетиштүү болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
21-сентябрь: көпчүлүк аймактарда жаан жаайт
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Пакистандын экс-премьери күрөөгө бошотулду
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Небересин тирүү көмгөн аял кармалды
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Макешов: “500 миң сомдук долбоор азыр 500 миң долларлык долбоорго айланды”
Жээнбеков
Жээнбеков "Астра Солар Технолоджис” ишканасында болду
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Учакта жүргүнчүлөрдүн оозу мурду канады
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Бишкек шаардык кеңешти 29 жаштагы Абиров башкарат
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Мэр бала бакчага күтүүсүз барды (фото)
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Марат Джаманкулов Юстиция министри болуп дайындалды
Жаӊыл Мамбеталы  Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Жаӊыл Мамбеталы Жогорку соттун судьялыгына шайланды
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Киркоров жана Басковдон Канье Уэстин клибине пародия
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
Өкмөттүн аппарат жетекчиси болуп Шамилбек Асымбеков дайындалды
 Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу фактысы аныкталды
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
Сарыбашов: Ишкерлерди ар тараптан колдоого даярбыз (фото)
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
​Президент Сооронбай Жээнбеков Тажикстанга иш сапар менен барат
"Человек на Луне" фильминин акыркы трейлери (видео)