Кээ бир балдар чачы жок төрөлөт, эмнеге?

13-Ноя. 2017, Дүйшөмбү, 12:38

Кээ бир балдар эмнеге чачы бар, ал эми башкалары чачы калың жана узун болуп төрөлөт деп ойлоп көрдүңүзбү? Жана булардын кайсынысы нормалдуу болуп саналат? Ата-энелер баласынын чач жай өсүп жатканы тынчсыздануулары керекпи? Жаңы төрөлгөн баланын чачынын болушу үчүн кандай факторлор таасир этээрин түшүнүүгө аракет кылып көрсөк.

Биринчиден өсүү ылдамдыгына эмес, ошону менен катар наристенин чачынын белгилерине таасир берүүчү алгачкы жана эң маанилүү фактор - генетика менен этникалык жагы да бар. Эгер ата-эненин чачы ак саргыл болсо, баласы ак жумал төрөлөт. Жубайлардын бирөөсүнүн чачы жука тармал, ал эми экинчисинин калын жана тик чачтуу болсо, бала ата-энесинин ар кандай өзгөчөлүгүн кабыл ала алат.

Бирок, сиз жана сиздин жубайыңыз ак жумал болсо, кара чачтуу наристе төрөлсө таң калбаңыз. Биринчиден, баланын чачынын түсү өзгөрөт. Көптөгөн ата-эне баланын алгачкы алты айында төрөлгөндөгү чачы түшөөрүн жана жаңы өсүп чыккан чач алгачкысынан кыйла айырмаланып тураарын биле беришпейт. Ошондуктан, кара чачтуу бала бара-бара сарыга айланышы мүмкүн. Экинчиден, чачтын түсүнө ошол эле генетика таасир бериши мүмкүн. Эгер сиздин тукумда күрөң жана кара чачтуулар көп болсо, анын ата-энеси кандай чачка ээ экендигине карабай, кара чачтуу наристе төрөлүшү мүмкүн.

Ата-энени ойлонткон дагы бир көйгөй - бул баланын желкесинин таз болуусу. Педиатрлардын айтуусу боюнча, бул учурда эч кандай коркунуч жок. Андай жагдай наристелердин чалкалап жата берүүсүнөн пайда болот. Алар балага эч кандай зыян алып келбейт, бирок мындай көйгөйду болтурбоо үчүн, аны көңкөрөсүнөн жаткыруулары керек.

Энелерге тынчтык бербеген дагы бир маселе, бала төрөлгөндөн кийин чачы өспөй жана түшө башташы. Адистер бул учурда баланын баш терисине көңүл бөлүүгө кеңеш беришет. Эгер ал жакшы көрүнсө - жумшак, эч кандай кызаруу менен жаракат байкалбаса – чачтын түшүүсүндө жана өспөй калуусуна эч кандай катышы жок. Бул баланын денесин калыпташуусунун табигый процесси болуп эсептелет. Бирок териде кызыл тактар же болбосо жаракат болсо, бул маселени атайы май же башка дагы дарылоо кеңештерин бере алчу педиатр менен талкулоо керек.

Ошону менен катар, көптөгөн ата-энелер чач тарачка алгач баланы канча жашында алып баруу керектигин сурашат. «Бул керек болгон кезде, - дейт педиатр жана медицина илимдеринин докторуы Эми Паллер, - чач алуу наристенин чачынын ден соолугуна эч кандай зыян алып келбейт, бул эстетика менен жайлуулук маселеси”.

Ошол эле учурда доктор Паллер ата-энелердин баланын чачын катуу тартып байлабоого же өрбөөгө кеңеш берет. Балалардын чачтары өтө сезимтал жана назик, ошондуктан татаал чач жасалгалолоору чачтн түшүүсүнө себеп болот.

Айтмакчы, 2006-жылы өткөрүлгөн изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, кош бойлуу кезде зарнадан жапа чеккен айымдардын көпчүлүгүндө чачы узун же тармал бала төрөлөт. Көпчүлүк муну болбогон кеп десе, бирок зарна менен чачтын байланышы бар экени айтылат.

Көрүнүп тургандай, эгер сиздин балаңыз чач жок жана анан алгачкы 6 айында чачы түшсө, анда тынсызданбаңыз. Биринчиден башка көйгөйлөргө көңүл буруңуз-баш теридеги кызарган тактарга. Кандай болгондо да адистер менен кеңешип бул суроолоруңузга жооп алууңузга болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!