Камера ээсин жана жаныбарларды “тааныйт”

23-Май 2017, Шейшемби

“ Lighthouse” стартабы “Android”дин негиздөөчүсү Энди Рубином тарабынан каржыланып, коопсуздук камерасы ойлонуп табылды. Ал үйдүн кожоюну менен үй жаныбарларын “тааный” алат. "3D-зрения" технологиясы бул түзүмгө үйгө ким кирип эмне кылгандыгын аныктоого жардам берет.

“Lighthouse” түзүмү “RGB”-камерасы, караңгыда көрүүгө мүмкүн болгон функцияга, видео 1080p форматында тартууга, динамика, микрофон, сирена, ошондой эле 3D-датчик менен жабдылган. Бул датчик тирүү жана тирүү эмес объектини аныктай алуучу функцияга ээ.

Түзүм ар турдүү ситуацияга жараша программалаштырылат. Мисалы, “Lighthouse” “үйдүн кожоюнун балдар үйгө саат 4тө кайтып келген жок” же “ит эшикке чыгырылган эмес”,- деген сыяктуу билдирүүлөр келет.

Образдарды таануу үчүн "миллиондогон" сүрөттөлүштөр боюнча даярдалган жасалма чалгындоо системасын жооп берет. Бирок, үй-бүлө мүчөлөрүн кантип айырмалайт белгисиз. Мындан сырткары, "Lighthouse” баса белгилегендей камера “банктын деңгээлинде” тасмадагы маалыматтарды шифрлейт. Маалыматтар 30 күн ичинде сакталат, андан соң автоматтык турдө өчүрөт.

Маалымат булагы: “Engadget

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!